Эмгек министрлигинде 36,5 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Экономика Загрузка... 06 Март 2026 14:24
WhatsApp Image 2026-03-06 at 13.49.09.jpeg
copyright icon Эсептөө палатасы

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 2024-жылга карата бюджеттин аткарылышына аудит жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпысынан 36 млн 560,3 миң сом өлчөмүндө каржылык тартип бузуулар жана кемчиликтер катталган. Анын ичинен 11 млн 225,4 миң сому — бухгалтердик эсепти жүргүзүүдөгү каталар, калган бөлүгү — негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу жана материалдык баалуулуктарды баланска чыгарбоо фактылары болгон.

Аудит учурунда мамлекеттик жөлөк пулдарды чектөө жана төлөө тартибинде мыйзам талаптары толук сакталбаганы, ошондой эле бюджеттик каражаттарды сарамжалсыз колдонгон учурлары белгиленди.

Текшерүү учурунда көрүлгөн ыкчам чаралардын негизинде 2 млн 12,4 миң сом калыбына келтирилди.

Эсептөө палатасы министрликке аныкталган кемчиликтерди жоюу, финансылык тартипти чыңдоо жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча тиешелүү сунуштарды берди.