Эмгек министрлигинде 233 млн сомдук каржы бузуулар аныкталды

Коом Загрузка... 26 Март 2025 15:10
2427673.3ff401dbba6830b539334ff09a426c75.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө бюджеттин аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлдү.

Эсептөө палатасынан билдиришкендей, анын жүрүшүндө жалпы бузуулардын жана кемчиликтердин суммасы 233 млн 464,6 миң сомду түздү.

Аудиттин жүрүшүндө финансылык мыйзам бузуулар, бюджеттин резервдеринин жоготуулары, каражаттарды рационалдуу пайдаланбоо жана мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы мыйзам бузуулар катталган.

Эсептөө палатасы министрликтин ишмердүүлүгүндө бюджеттик каражаттарды пайдаланууда олуттуу көйгөйлөр бар экенин белгилейт.