Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык органдарга майыптуулугу бар адамдар үчүн жумуш орундарын бөлүү (квота) боюнча мыйзамдарды так сактоонун зарылдыгын эскертет.
Ведомствонун маалыматына караганда, Эмгек кодексинин 155-беренесине ылайык, кызматкерлердин саны 25 жана андан көп болгон уюмдар майыптуулугу бар адамдар үчүн жумуш орундарын камсыздоого милдеттүү — жалпы кызматкерлердин санынын кеминде 4 пайызы болушу шарт.
Муну менен катар ушул эле нормага ылайык, толук эмес иш убактысы шарттарында да жумушка кабыл алуу мүмкүн деп эсептелет. Кызматкерлердин саны азыраак болгон уюмдар үчүн төмөнкүдөй так нормалар белгиленген:
- 25-49 кызматкер — кеминде 1 жумуш орду;
- 50–74 — кызматкерге 2 жумуш орду, алардын жок дегенде 1и I же II топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн;
- 75–99 — кеминде 3 жумуш орду, алардын жок дегенде 1и I же II топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн;
- 100–124 — кеминде 4 жумуш орду, алардын жок дегенде 2си I же II топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн;
- 125–149 — кеминде 5 жумуш орду, алардын жок дегенде 3ү I же II топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн;
- 150–174 — кеминде 6 жумуш орду, алардын жок дегенде 3ү I же II топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн;
- 175–199 — кеминде 7 жумуш орду, алардын жок дегенде 4ү I же II топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн;
- 200 жана андан көп кызматкер — ушул эле тартипте.
Иш берүүчүлөр майыптуулугу бар адамдар үчүн жумуш орундарын ылайыкташтырууну (имараттардын жеткиликтүүлүгү, атайын техникалык каражаттар менен жабдуу, кызматкерлерди окутуу жана башка чаралар) жана коопсуз эмгек шарттарын түзүүнү камсыз кылууга тийиш.
Квоталарды бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчилик каралган: жеке жактар үчүн — 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн — 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.
Мамлекеттик жана муниципалдык органдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- майыптуулугу бар адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо талаптарын аткарууга;
- бош жумуш орундарын ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында маалымдоого;
- квоталанган жумуш орундарын толтуруу жана алардын ылайыкташтырылышы боюнча квартал сайын маалымат берүүгө;
- эмгекке орноштуруу тартибин жана жумуш орундарын ылайыкташтырууну камсыз кылууга.