Эмгек министрлиги менен ЮНИСЕФ 2025-жылга карата иш планга кол койду

Коом 14 май 2025 10:28
493853618_1133423708827301_6631230783248736882_n.jpg
492951190_1133423712160634_4052863569494674335_n.jpg
496116099_1133423698827302_5509399312061661487_n.jpg
497526939_1133423665493972_8213261736293933360_n.jpg
Алдыга
Артка
493853618_1133423708827301_6631230783248736882_n.jpg
492951190_1133423712160634_4052863569494674335_n.jpg
496116099_1133423698827302_5509399312061661487_n.jpg
497526939_1133423665493972_8213261736293933360_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 14.05.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) 2025-жылга карата биргелешкен жумушчу планына расмий түрдө кол коюшту. Бул тууралуу министр Равшанбек Сабиров документке кол коюу учурунда билдирди.

"Бул план жөн гана ак кагаз эмес. Бул биздин жалпы жоопкерчилигибиздин, туруктуу өнүгүүгө умтулуубуздун натыйжасы жана бир дагы баланы, бир дагы үй-бүлөнү кароосуз калтырбоо үчүн күчтүү саясий эрктин көрүнүшү. Бул өзгөчө турмуштук оор кырдаалда алсыз болуп калгандарга кам көрүүгө тиешелүү", — деди Сабиров.

Анын айтымында, бул план балдардын укугун коргоо жана социалдык колдоо жаатындагы улуттук приоритеттерин жана Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен иштелип чыккан. Министрликтин саясаты үч негизги максатка багытталган:

  1. Балдар үчүн коопсуздук, камкордук жана сүйүү менен өсө турган чөйрөнү түзүү;
  2. Кыйын болгон жерде мамлекет балдар үчүн инклюзивдик шарттарга кепилдик бериши;
  3. Жооптуу мамлекеттик кызматтар балдардын суроолоруна аяр мамиле жасашы үчүн социалдык инфраструктураны өркүндөтүү.

ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапа Кыргстандын министрлер кабинети балдардын укуктарын коргоо маселелерине берилгендигин жогору баалады.

"Биз балдарды социалдык коргоо маселесинде социалдык кызматкерлердин ролун белгилеген иш-чараны колдоого даярбыз",-деп белгиледи.

Сабиров ЮНИСЕФке көрсөткөн эксперттик жана техникалык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.