Эмгек министрлиги майрам жана дем алыш күндөрү эмгек акы кандай төлөнөрүн айтты

Коом Загрузка... 30 Апрель 2025 17:07
1905609916.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 30.04.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги майрам жана дем алыш күндөрү эмгек акы кандай төлөнөрүн айтты.

Эмгек кодексине ылайык, өлкөдө майрам күндөрү белгиленген. Алардын ичинде;

1-январь - жаңы жыл;
23-февраль - Мекенди коргоочулардын күнү;
8-март - Аялдардын эл аралык күнү;
21-март - Элдик Нооруз майрамы;
7-апрель - Элдик Апрель революциясынын күнү;
1-май - Эмгек майрамы;
5-май - КР Конституциясынын күнү;
9-май - Жеңиш күнү;
31-август - КР Көз карандысыздыгынын күнү;
7-8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү.

Жумуш эмес майрам күндөрү болуп төмөнкүлөр саналат:

  • 1, 2, 3, 4, 5, 6-январь - жаңы жылдык каникулдар;
  • 8-март - Аялдардын эл аралык күнү;
  • 21-март - Элдик Нооруз майрамы;
  • 1, 2, 3 ,4, 6, 7, 8-май - май каникулдары;
  • 5-май - КР Конституциясынын күнү;
  • 9-май - Жеңиш күнү;
  • 31-август - КР Көз карандысыздыгынын күнү.

Ай календары боюнча аныкталуучу мусулмандардын майрамдары "Орозо айт", "Курман айт" жана 7-январь - "Иса пайгамбардын туулган күнү" (православное рождество) жумуш эмес майрам күндөрү болуп эсептелет.

Министрликтен белгилешкендей, Эмгек кодексинин 67-беренеси боюнча, дем алыш жана майрам күндөрү иштөөгө тыюу салынат. Бул күндөрү жумушчуларды тартууга төмөнкү учурларда алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет:

- авариялардын, кырсыктардын жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин алдын алуу же жоюуга;

- кырсыктарды, мүлктүн бузулушун же жок болушун алдын алууга;

- мекеменин же анын бөлүмдөрүнүн ишинин үзгүлтүксүз жүрүшүнө көз каранды болгон күтүүсүз жана шашылыш иштерди аткарууга.

Майрам күндөрү өндүрүштүк-техникалык себептерден улам токтотууга мүмкүн болбогон иштерге (токтоосуз иштеген уюмдарда), калкты тейлөө, шашылыш оңдоо жана жүк түшүрүү-жүктөө иштерине жол берилет.

Башка бардык учурларда кызматкердин жазма макулдугу жана кызматкерлердин өкүлчүлүк органынын макулдугу менен гана жумушка тартууга болот.

Иш берүүчү менен кызматкердин макулдашуусу боюнча, дем алыш жана майрам күндөрү аткарылган эмгек үчүн эс алуу күнү берилиши, эмгек өргүүсүнө кошулушу же жок дегенде эки эселенген акчалай төлөм менен компенсацияланышы мүмкүн.