Кореядагы кыргызстандыктар кайсы тармактарда иштегени айтылды

Коом Загрузка... 26 Декабрь 2025 09:20
1458243706_rabota-v-yuzhnoy-koree-na-dzhinsovoy-fabrike.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. 2025-жылы Кореяга EPS программасы менен ишке орношуу маселелери боюнча Кыргызстандын жараны 4 315 консультация алуу үчүн кайрылды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, бул программа 2007-жылдан бери иштеп, ар эки жылда үзгүлтүксүз узартылып турат.

Программага катышуу үчүн корей тилин билүү боюнча эки этаптан турган тестирлөө өткөрүлдү: экзаменге 1 350 адам катышып, алардын ичинен 339 талапкер ийгиликтүү өттү. Натыйжада 225 адам эмгек келишимине ээ болуп, 232 Кыргызстандын жараны, анын ичинде 30 аял Кореяга иштөөгө кетишти.

Ишке орношкон жарандардын көпчүлүгү тамак-аш, химиялык, кагаз өнөр жай ишканаларында, ошондой эле пластик, резина жана айнек буюмдарын чыгаруучу заводдордо эмгектенишет. Орточо айлык акысы 1 700 долларды түзөт.

Учурда EPS программасынын алкагында Кореяда 1,5 миңден ашуун Кыргызстандын жараны иштеп жатат.