Эмгек министрлиги 7-ноябрь иш күнү экенин эскертти

Коом 22 октябрь 2025 15:40
Эмгек министрлиги 7-ноябрь иш күнү экенин эскертти

Бишкек, 22.10.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарга алдыдагы майрам - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү иштөө режими тууралуу эскертет.

КР Эмгек кодексинин 66-беренесине ылайык, 7 жана 8-ноябрь мамлекеттик майрам күндөрү болуп саналат. Ошол эле учурда, эмгек мыйзамдарынын жоболоруна ылайык, майрамдык иш күндөрү жумуштун узактыгы бир саатка кыскартылат.

Ведомство 8-ноябрь 6 күндүк иш жүмалыгы менен иштегендер үчүн иш күнү, ал эми беш күндүк иш жумалыгы менен иштеген уюмдар үчүн эс алуу күнү бойдон калаарын тактады.