Эмгек министри: Зомбулукка каршы күрөшүү – коопсуздук маселесинин бир бөлүгү

Коом Загрузка... 07 Ноябрь 2025 18:12
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги

Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Зомбулукка каршы күрөшүү маселеси коопсуздук маселесинин бир бөлүгү болуп саналат, - деди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев бүгүн Бишкекте өткөн үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча субъекттердин кеңейтилген ведомстволор аралык координациялык кеңешмесинде.

Министрдин айтымында, зомбулук, өзгөчө аялдарга жана балдарга карата болгон зомбулук – коомдун туруктуулугуна жана ар бир үй-бүлөнүн келечегине олуттуу коркунуч туудурат.

"Бул көрүнүш менен күрөшүү – мамлекеттик гана эмес, жалпы коомдун милдети. Жабыркагандардын 96 пайыздан ашыгы – аялдар, алардын басымдуу бөлүгү 18–35 жаштагы жаштар", - деди ал.

Ошондой эле министр коомчулукту тынчсыздандырган статистикага көңүл бурду:

"Эгер жыл ичинде бардык инстанцияларга миңдеген адамдар кайрылышса, сотко болгону жүздөгөн иштер гана жетет. Зомбулуктан жабыркагандар көп учурда зомбулук көрсөткөн адам менен жалгыз калышат. Айрыкча балдарга жана майыптуулугу бар адамдарга карата зомбулуктун өсүшү байкалууда – алар эң алсыз катмар бойдон калууда, - деген министр зомбулук жасалгандан кийин гана реакция кылбастан, анын алдын алуу боюнча да активдүү иш алып баруунун белгиледи.

Министрдин айтымында, зомбулуктун түрлөрүн эсепке алуу жана классификациялоо нормаларын күчөтүү, ыкчам реакциянын мөөнөтүн кыскартуу, үй-бүлөлөрдү туруктуу мониторингден өткөрүү жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды ММК аркылуу кеңири жайылтуу зарыл. Бардык мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун активисттеринин координациясы абдан маанилүү.

Ошондой эле Сагынбаев жаш үй-бүлөлөрдү колдоо жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо үчүн "Нике жана үй-бүлө" коомдук институтун кайра жандандырууну сунуштады.

"Зомбулукка туш болгон ар бир жаранга ыкчам жардам көрсөтө ала турган бирдиктүү ыкманы иштеп чыгуу маанилүү. Бул жарандардын укугун жана кадыр-баркын коргоонун реалдуу механизмдерин түзүүгө өбөлгө болот. Биргелешкен аракеттерибиз менен ар бир аял, бала, улгайган жаран өзүн коопсуз сезе турган коомду куруп чыгабыз — үйдө да, көчөдө да, коом ичинде да", - деп сөзүн жыйынтыктады министр.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коом институттарынын өкүлдөрү катышты. Жыйынды өткөрүүнүн негизги максаты – зомбулуктун алдын алуу боюнча биргелешкен чараларды күчөтүү, ведомстволор аралык кызматташууну өркүндөтүү жана жабыркагандарды коргоо системасын бекемдөө болуп саналат.