Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында министр Канат Сагынбаев "Пикир" маалыматтык байланыш системасын жетишсиз колдонуп жаткан бир катар аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн ишин сынга алды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Министр белгилегендей, аталган система мамлекеттик органдардын ишин ачык көрсөтүү жана жарандардын арыздарына, сунуштарына тез арада жооп берүү үчүн түзүлгөн. Ал үчүн ар бир мекемеге атайын QR-коддор коюлган.
"Тилекке каршы иш жүзүндө система толук менен колдонулбай келет. "Пикир" кайтарым байланыш системасын көз жаздымда калтырууга болбойт. Мындай шартта жарандар жоопсуз калып, бул түздөн-түз иштин сапатына жана министрликке болгон ишенимге таасир этет. Ар бир келип түшкөн сын-пикир өз убагында жана маңызы боюнча каралышы зарыл", — деп баса белгиледи Канат Сагынбаев.