Жети баланы жалгыз тарбиялаган ата: Министр Чүйдөгү жалгыз бой аталардан кабар алды

Коом 627 16 Март 2026 11:33
650797365_1389405619895774_5274587955792256722_n.jpg
650285139_1389415019894834_4694512446087436874_n.jpg
650270790_1389406269895709_2269532734729256337_n.jpg
650396108_1389405806562422_3820558200340125476_n.jpg
650796869_1389405876562415_1829756086162698630_n.jpg
651214727_1389406093229060_1976299811448941019_n.jpg
652056645_1389405696562433_1255456980696497732_n.jpg
652321605_1389406173229052_4209343598141637022_n.jpg
652490012_1389405929895743_4631144326837660265_n.jpg
653054504_1389405979895738_2616604669764340096_n.jpg
653700901_1389406033229066_5752067932675808384_n.jpg
653702932_1389406213229048_1963628812939137805_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Чүй облусунда балдарын жалгыз тарбиялап жаткан аталардан кабар алды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын бири — жети баланы тарбиялап келе жаткан Чыңгыз Кытаев. Ал кыйынчылыктарга карабастан, балдарын мээрим жана камкордук менен курчап, аларга татыктуу тарбия жана билим берүүгө аракет кылууда.

Экинчи үй-бүлөдө Хасанбай Калмурзаев төрт баланы тарбиялап келет, алардын бири майыптыгы бар бала. Ал күн сайын көптөгөн сыноолорду жеңип, чоң жоопкерчилик жана бекем эрк менен балдарына кам көрүп, алар үчүн жылуу, сүйүүгө жана колдоого толгон үй-бүлөлүк чөйрөнү түзүп келет.

Жолугушуу учурунда Канат Сагынбаев аталардын кайраттуулугун жана жоопкерчилигин белгилеп, үй-бүлөлөргө мектеп парталарын, кир жуугуч машиналарды жана азык-түлүк баштыктарын тапшырды.

"Ата – бул таяныч жана жоопкерчиликтин үлгүсү. Балдарды жалгыз тарбиялоо чоң сабырдуулукту талап кылат. Мамлекет мындан ары да үй-бүлөнү бекемдөө саясатын активдүү жүргүзөт, анткени бакубат үй-бүлө – күчтүү коомдун негизи", – деди министр.