Эмгек министри кытай компаниялары менен жумуш орундарын түзүүнү талкуулады

Коом 689 13 Июнь 2025 08:50
506164645_1156569299846075_8456783588498998059_n.jpg
492928418_1156569643179374_3970157999562022238_n.jpg
505709588_1156569706512701_5456404339335106246_n.jpg
505726040_1156569539846051_6008254826341570387_n.jpg
505827660_1156569376512734_6367302843620050769_n.jpg
506108562_1156569379846067_5687894735362565045_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров кытайлык Bitmain компаниясынын жетекчиси Чжоу Фэн, Kincaid group компаниясынын жетекчиси Чжан Жуй менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, өндүрүш ишканаларын ачуу жана өлкө аймактарында жаңы жумуш орундарын түзүү маселелерин талкуулашты. Бул чаралар эмгек миграциясын кыскартуунун натыйжалуу инструменттеринин бири катары каралды.

Равшанбек Сабиров акыркы жылдары Кыргызстандын ИДПсы туруктуу экономикалык өсүштү көрсөтүп жатканын белгилеп, чет элдик инвесторлор үчүн салыктын жана укуктук жеңилдиктерди камтыган жагымдуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

"Биз өлкөнүн аймактарында реалдуу жумуш орундарын түзүүгө жана экономикага салым кошууга даяр болгон инвесторлор менен узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдарбыз. Калкты иш менен камсыздоо — тышкы миграцияны кыскартуунун жана социалдык туруктуулукту бекемдөөнүн негизги фактору", — деди министр.