Бишкек, 21.11.25 /Кабар/. 2026-жылы өлкө боюнча 18 балдар музыкалык мектеби жана 3 музыкалык билим берүү мекемеси капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков Бишкекте өтүп жаткан “Art Dialog” маданият жана искусство тармагындагы кесиптик билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул иштер маданий билим берүү тармагын өнүктүрүү жана материалдык базаны чыңдоо максатын көздөйт.
Ошондой эле Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университети үчүн жаңы окуу имараты курулат. Бул долбоорго 990 млн сом каралган. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайы үчүн жаңы окуу корпусу жана жатакана салынат, ага 750 млн сом бөлүнгөн. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаты үчүн Ага Хан өнүктүрүү фонду менен биргеликте жаңы концерттик зал курулат.
“Көп учурда “курабыз дедиңер эле, эч нерсе курулган жок” деген сындар айтылат. Биз министрлик катары пландарды түзүп, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине сунуштайбыз. Ал эми курулуш иштери алар тарабынан жүргүзүлөт”,- деп белгиледи ал Надырбеков.