1-апрелден тарта электр энергиясына болгон чектөөлөр алынат

Коом Загрузка... 24 Март 2026 12:35
2.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. 1-апрелден тарта эртең мененки жана кечки жогорку жүктөм сааттарында киргизилген кубаттуулук чектөөлөрү толугу менен алынат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, электр энергиясын керектөө эң жогору болгон убакыттарда — эртең менен саат 06:00дөн 09:00гө чейин жана кечинде 18:00дөн 22:00гө чейин кубаттуулук чектөөлөрү киргизилген эле.

Ага ылайык, 1 фазалуу керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук 5 кВттан 3 кВтка чейин, 3 фазалуу керектөөчүлөр үчүн кубаттуулук 8 кВттан 5 кВтка чейин төмөндөтүлгөн.

"Чектөөлөр Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайышына байланыштуу жана өлкө боюнча өндүрүлгөн электр энергиясын бардык керектөөчүлөргө тең жана үзгүлтүксүз жеткирүү максатында убактылуу киргизилген",-деп айтылат маалыматта.