Электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу — бүгүнкү күндүн талабы

Коом Загрузка... 26 Ноябрь 2025 12:54
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Энергетика министрлиги жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырган видеоролик менен бөлүштү.

Министрлик өлкөдө жаңы завод-фабрикалар, көп кабаттуу үйлөр курулуп жаткан шартта электр энергиясына болгон талап күн сайын өсүп жатканын белгилейт. Дүйнө жүзүндө суунун азайышы, кургакчылык байкалууда, бул болсо энергетика тармагы үчүн чоң сыноо.

Энергетиктер кардарларга электр энергиясын жеткирүүдө бардык күч- аракетин жумшоодо.

"Андыктан ар бир жаранды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырабыз. Ар бир өчүрүлгөн жарык, ар бир үнөмдөлгөн киловатт — өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна кошулган салым.
Электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу — бул бүгүнкү күндүн талабы!", - деп айтылат маалыматта.