Элдик курултай: Транспорт министрлигине 237 кайрылуу түштү

Коом 25 декабрь 2025 09:00
603877679_1178617584446986_477653043615132139_n.jpg
601472660_1178617737780304_5014570828100756109_n.jpg
601810648_1178617694446975_8766106591871104110_n.jpg
603874891_1178617651113646_712892966364208252_n.jpg
Алдыга
Артка
603877679_1178617584446986_477653043615132139_n.jpg
601472660_1178617737780304_5014570828100756109_n.jpg
601810648_1178617694446975_8766106591871104110_n.jpg
603874891_1178617651113646_712892966364208252_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Күн мурун Транспорт жана коммуникациялар министрлиги алыскы аймактардан келген IV Элдик курултайдын делегаттарынын суроо-талабын угуп, жол-транспорт тармагына байланыштуу кайрылууларын каттады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Министр Абсаттар Сыргабаев баштаган министрликтин өкүлдөрү бардык суроолорго ыкчам жооп беришти.

Бул күнү министрликке жол тармагына байланыштуу 237 кайрылуу келип түштү.

Белгилей кетсек, 24-декабрда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында министрликтер жана ведомстволор өлкөнүн 7 облусунан, Бишкек жана Ош шаарынан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынан шайланган делегаттарды кабыл алышкан. Алардын суроо-талабын угуу максатында театрдын фойесинде атайын аянтча уюштурулган.

Бүгүн Бишкекте IV Элдик курултай башталат. Иш-чара эки күнгө созулуп, ага 700гө жакын делегат катышуусу күтүлүүдө.