Элдик курултай. Министрликтер делегаттардын кайрылууларын кабыл алууда

Элдик курултай Загрузка... 24 Декабрь 2025 18:00
WhatsApp Image 2025-12-24 at 17.56.40.jpeg

Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 24-декабрда IV Элдик курултайды утурлай Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында делегаттар менен министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө.

Аймактардан келген делегаттар анда кайрылууларды багыттарына жараша тиешелүү министрликтер жана ведомстволорго берип жатат.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министири Мирбек Мамбеталиев делегаттарды тармактык орун басарлары менен бирге кабыл алып, маселелерин угуп, суроолоруна жеринен жооп берүүдө. Кат түрүндө келген кайрылууларды министрликтин кызматкерлери каттоого алууда.

605475076_1166614675630287_5373611395561747431_n

Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев башында турган министрликтин жумушчу тобу делегаттарды кабыл алууга катышууда.

605634640_1373910907541288_5582893107431997288_n

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев делегаттарды жеке кабыл алууда. Делегаттар министрликке эмгек мамилелери, жумуш менен камсыз кылуу, социалдык жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө, майыптыгы бар адамдарды колдоо, ошондой эле тышкы миграция маселелери боюнча кайрыла алышат.

603085850_1322428409926829_3563291251715583403_n

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги IV Элдик курултайдын алкагында жарандардын суроо-талабына өзгөчө көңүл бурду. Элдик курултайдын жүрүшүндө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жарандар тарабынан жалпысынан 33 суроо жана кайрылуу түшүп, көтөрүлгөн маселелердин бир бөлүгү жеринде каралды. Калган суроолор министрликтин көзөмөлүнө алынып, тиешелүү тартипте ишке ашырылууда.

Министр Медер Машиев баштаган министрликтин жетекчилиги жана орун басарлары жарандарды жеке кабыл алып, алардын кайрылууларына кеңири түшүндүрмө беришти.

603840722_859899869996477_3355634110130454093_n

Атап айтканда, саркынды сууларды тазалоо жана тазалоо системаларын жаңыртуу, кен казуу иштерине берилген лицензиялар, таштанды полигондорунун ачылышы жана экологиялык коопсуздук маселелери боюнча суроолор жана кайрылуулар түштү.

Министрдин жеке көзөмөлүнө алынган бардык маселелер мыйзам чегинде каралып, тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте ыкчам чечимдер кабыл алынып, жарандарга жооптор өз дарегине жеткирилет.

Башкы прокурор Максат Асаналиев жарандар менен түз жана ачык форматта пикир алмашууда. Делегаттардын укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө, мамлекеттик органдардагы мыйзам бузууларга, жер жана башка маселелери менен байланышкан суроо-кайрылуулары боюнча жеринде тиешелүү түшүндүрмөлөр берилди.

602967454_1187786756873708_1639635174534765741_n

Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана министрдин биринчи орун басары, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын башкы директору, "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары делегаттар менен жолугуп, кайрылууларын кабыл алды. Иш-чаранын жүрүшүндө энергетика тармагына жалпы 78 кайрылуу түштү. Маселелердин дээрлик көбү эскирген аба чубалгыларын алмаштырып берүү, көмөк чордондордун кубаттуулугун жогорулатуу, аймактарды газдаштыруу болсо, кээ бири Чакан ГЭСтерди, күн панелдерин куруу боюнча арыз менен кайрылышты. Энергетика министри ар бир делегаттын маселесин угуп, айрым кайрылууларды дароо жеринен чечип берди. Ал эми кээ бир олуттуу маселелерди тийиштүү жетекчилерге карап чыгууну тапшырды.

Муну менен бирге жакшы сөздөрүн айткан делегаттар да жок эмес деп белгиледи министрлик. Т.Кулатов айыл аймагынын өкүлдөрү Энергетика министрлигине III Элдик курултайда өз аймагына көмөк чордон куруп берүү маселеси менен кайрылышкан. Министрлик дароо колго алып, жаңы көмөк чордон куруп берген.

604889780_857462563545387_5349042889059231264_n

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтө турган Элдик курултай 25–26-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.