Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Мыйзамга ылайык, элдик медицина менен жогорку медициналык билими бар адис гана алектене алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө Саламаттык сактоо министрлигинин Лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Аман Осмонов билдирди.
Анын айтымында, мындай ишмердүүлүк жүргүзүүгө жогорку окуу жайын бүтүрүп, элдик медицина багыты боюнча тиешелүү квалификациясын жогорулатуу курсунан өткөн адистер гана укуктуу. Мындан тышкары, мыйзам чөп дарыларын жана “жапырт дарылоону” жарнамалоого катуу тыюу салат.
“2024–2025-жылдары жеке клиникаларда кеңири текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында кыска мөөнөттүү окуу курстары саламаттык сактоо тармагында олуттуу көйгөйлөрдү жаратып жатканы аныкталды. Ушуга байланыштуу министрлер кабинетине мындай окуу жайлардын санын кыскартуу боюнча сунуш киргизилди. Учурда 3 ай ичинде медайым, стоматолог жана косметологдорду даярдаган борборлордун ишмердүүлүгүнө мораторий киргизилди”, - деди ал.
Белгилей кетсек, тиешелүү лицензиясы жок жана мыйзамды бузуу менен иш алып барган ишкерлердин кызматтарын жарнамалоону бөгөттөөгө багытталган жаңы мыйзам долбоору демилгеленди.