Бишкек, 10.02.26 /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Элдар Жакыпбековдун кармалганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, УКМК кызматкерлеринин кармалышы жөнүндө кабарлар негизсиз.
“Бардык кызматкерлер өз иш орундарында. Жарандарды жалган маалыматтарды таратпоого жана расмий булактарга гана ишенүүгө чакырабыз”,- деп айтылат маалыматта.