Италия менен Кыргызстандын тоо күн тартибин алдыга жылдыруу маселеси талкууланды

Коом Загрузка... 04 Март 2025 17:10
WhatsApp Image 2025-03-04 at 14.17.22.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Таалай Базарбаев Италиянын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин Өнүктүрүү боюнча кызматташтык башкармалыгынын башкы директору - ыйгарым укуктуу министри Стефано Гатти менен жолукту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуу учурунда элчи Базарбаев Италия тарап менен активдүү кызматташтыкты канааттануу менен белгилеп, Кыргызстандын дүйнөлүк аренада тоо маселелерин илгерилетүү боюнча аракеттери тууралуу кеңири маалымат берди.

Ал өзгөчө "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер" алкагындагы демилгелерди жана БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясы (UNFCCC) алкагында аткарылып жаткан иштерди баса белгиледи.

Ошондой эле тараптар 2025-жылдын 24-25-апрелинде Бишкек шаарында өтө турган "Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу" эл аралык конференциясынын уюштурулушун деталдаштырып талкуулашты.

Стефано Гатти Италиянын кыргыз тарабы менен мындан аркы активдүү кызматташууга даяр экендигин белгилеп, өлкөнүн тоо демилгелерине колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Ушул эле учурда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (FAO) Тоо өнөктөштүгү жана Италиянын Климаттык фонду алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн олуттуу потенциалына өзгөчө көңүл бурду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар алдыдагы эл аралык иш-чаралар, анын ичинде 2025-жылдын ноябрында Бразилияда өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын (COP30) тараптар конференциясына даярдык көрүү боюнча мындан ары да кызматташууну макулдашышты.