Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун бир катар токой чарба ишканаларына барып, эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул туруалуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Республикалык токой селекциялык үрөн борборуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө элчиге үрөндөрдү даярдоо жана селекциялоо, токой үчүн көчөттөрдү өстүрүү жана декоративдик чарба жүргүзүү боюнча алдынкы технологиялар тааныштырылды.
Ошондой эле Беларустун Токой чарба министрлигинин кадрларды даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо борборунун жетекчилиги менен окуу борборунун базасында токой чарбасы боюнча кыргызстандык адистерди окутуу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, экологиялык таза отун гранулдарын (пеллеттердин) чыгаруу менен алектенген “Борисов эксперименталдык токой чарбасы” мамлекеттик эксперименталдык мекемесинде болду.
Элчи Эрбол Султанбаев кыргызстандык керектөөчүлөрдү көмүр отунуна альтернатива катары Борисов токой чарба продукцияларын жеткирүүгө кызыкдарлыгын билдирди.