Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун тышкы иштер министринин орун басары Павел Утюпин менен жолугушту.
КР ТИМден билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы өз ара кызматташуусунун жогорку деңгээлин белгилеп, эки тараптуу күн тартибиндеги, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашты.
Ошондой эле быйылкы эки тараптуу иш сапарлардын жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын графигин, тараптардын кароосунда турган документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу тууралуу пикир алмашты.