Элчи Чотонов Өзбекстандын транспорт министри менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 816 26 Февраль 2025 10:00
photo_5325653228660061402_y.jpg
photo_5325653228660061403_y.jpg
photo_5328281641271027527_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5325653228660061402_y.jpg
photo_5325653228660061403_y.jpg
photo_5328281641271027527_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, тараптар транспорт тармагындагы өз ара пайдалуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Авто жол куруунун бир катар маанилүү долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле жолугушууда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун жана бул жаатта жогорку деңгээлдеги иш сапарлардын жыйынтыгында жетишилген башка макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Тараптар транспорт тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.