Өзбекстанда экстремисттик уюмдарга катышкандар катаал жазаланат

Дүйнө
Өзбекстанда экстремисттик уюмдарга катышкандар катаал жазаланат
copyright icon www

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев "Экстремизмге каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул туурасында жергиликтүү UZA маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, коңшу өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексинде тыюу салынган уюмдардын ишине катышкандыгы үчүн 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Ошондой эле Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекске да түзөтүүлөр киргизилип экстремисттик, сепаратисттик же фанаттык идеяларды камтыган, жарандарды массалык түрдө жок кылууга чакырган же калк арасында дүрбөлөң жаратууга багытталган материалдарды даярдап, тараткандар айып пулга тартылат. Мындан сырткары, алар 15 күнгө чейин административдик камакка алуу менен жазаланаары белгиленген.

"Экстремизмге каршы күрөшүү жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча, Юстиция министрлиги экстремисттик уюмдардын жана материалдардын электрондук реестрин жүргүзөт. Ал агенттиктин расмий веб-сайтында жайгаштырылат жана коомчулук үчүн ачык.

Реестрге экстремисттик иш-аракетке катышкандыгына байланыштуу ишмердүүлүгү токтотулган уюмдар, экстремисттик деп таанылган уюмдар жана материалдар, ошондой эле тыюу салынган материалдарды системалуу түрдө жайгаштырган, тараткан телекоммуникация же интернеттеги электрондук булактар ​​кирет.