Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Быйыл Бишкек шаарына жаңы автобустар алып келинди. Жүгүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Жаңы жылды утурлай айдоочулар жаңы транспортто кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктоодо.
“Биз элге кызмат кылып жүрөбүз. Баарыңыздарды жумушуңуздарга, үйүнүздөргө жеткиребиз. Айдоочулардын иштерине ийгилик каалайм, кырсыгы жок аман-эсен жүрөлү. Жаңы жылыңыздар менен!”, - деди айдоочу.