Эл өкүлү үйү буздурулган жашоочулардын көйгөйүн көтөрдү

Коом Загрузка... 29 Апрель 2026 11:24
1452340.1.152809738.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев "Архстройгрупп" курулуш компаниясына байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрдү.

Анын айтымында, 100дөн ашык үй-бүлө үйсүз жана каражатсыз калган. Депутат аталган компания тарабынан Аалы Токомбаев көчөсү, 9 "д" дарегине курулган турак жай комплекси буздурулганын эске салды.

"Соттук териштирүүлөр жүрүп жатат, бирок күнөөлүүлөр ушул күнгө чейин тийиштүү жазасын ала элек", – деп белгиледи депутат.

Бекешев бул маселени мүмкүн болушунча тезирээк чечүүгө чакырды. Ал көйгөйдүн жаралганына 11 жыл өтсө да, ал дагы деле чечилбей жатканын баса белгиледи.