Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. Кечээ, 17-июнда 83 жаш курагында музыка өнөрүнүн залкары, улуу устат, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору, III даражадагы "Манас" орденинин ээси, элдик жана академиялык вокалдык өнөрүнүн бийик үлгүсүн жараткан инсан (баритон) Улукмырза Полотов узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, Улукмырза Полотов 1943-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Улук айылында туулган. 1968-жылы М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын, 1973-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн.
Эмгек жолун 1960-1962-жылдары Аксы районундагы Кош-Төбө колхозунда эсепчи болуп баштаган. 1994-1998-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство институтунда, 1996-1998-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук консерваториясында окутуучу, 1998-жылдан тартып консерваториянын салттык музыка жана фольклор кафедрасынын башчысы, 1973-2005-жылдары Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти, 2005-жылдан К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында окутуучу катары эмгектенген.
Аны чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү "Улуу устат" деп коюшчу жана ал кыргыз сахнасындагы ырчылардын 80-90 пайызын өстүргөн. Полотов таптаган таланттар азыркы кыргыз сахнасынын алптары. Шакирттеринин алды Европанын сахналарын багындырып жүрөт.
Педагог Полотов жогорку музыкалык окуу жайлары үчүн элдик ырдоо программасын жана методикасын иштеп чыккан. Өмүрүнүн акыркы жылдары К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында эмгектенип келген.
Улукмырза Полотовдун таланттарды кантип таптаганы жана адамдык бийик сапаты тууралуу обончу, аткаруучу, композиторлордун жана музыка сүйүүчүлөрдүн оозунда уламыш болуп айтылып келет.
Аткаруучулук чеберчилигинин өзгөчөлүгү — өзү аткарган ырларды өзү комуз менен коштогон. Полотов улуттук опералардагы негизги партияларды — Искендердин (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, "Ажал ордуна"), Токтогулдун (М. Абдраев, В. Веприк, А. Малдыбаев, "Токтогул"), Сапарбайдын (Н. Давлесов, "Аста секин, колукту"), ошондой эле дүйнөлүк опералардан арияларды жана үзүндүлөрдү — Жермон (Ж. Верди, "Травиата"), Фигаро (Ж. Россини, "Севильялык чач тарач"), Мизгер (Н. Римский-Корсаков, "Аяз кыз"), кыргыз жана орус композиторлорунун романстарын (М. Абдраев, "Жалыныңа күйгөнмүн", Т. Эрматов, "Кызыл гүл", К. Молдобасанов, "Селкиге", "Пахтачы кыздын ыры", С. Осмонов, "Кош", "Булакта", "Эрмегим", А. Жаныбеков, "Түндө", Турсун Ниязов, "Өмүрүмө", "Сен болбо", П. Чайковский, "Дон-Жуандын серенадасы", "Булбул", С. Рахманинов, "Түш", М. Глинка, "Рыцардык романс" ж.б.) да чебер аткарган.
Жогорку музыкалык окуу жайлары үчүн элдик вокалдык программаларын жана методикаларын иштеп чыккан. Элдик устат-шакирт салттарына жана дүйнөлүк академиялык стандартка таянган методикага негизделген автордук мектепти түзгөн. Орто Азия республикалары жана Казакстан вокалисттер конкурсунун лауреаты (1972). Алжир, Мозамбик, Румыния, Камбоджа, Корея, Кытай, Түркия ж.б. чет мамлекеттерде гастролдо болгон.
Чыгармачылык жолунда "Ак зыйнат", "Арпанын Ала-Тоосунан", "Күңөтай", "Даанышман", "Айнагүл", "Кызыл жоолукчан", орус эл ырларын "Коробейники", "Ах, ты душечка", "Ночь", "Ямщик", ошондой эле корей, моңгол, румын ж.б. тилдердеги чыгармаларды жогорку чеберчиликте аткарып, ал чыгармалар улуттун көөнөрбөс руханий байлыгына айланды. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын "Алтын казына" фондунда анын аткаруусунда 100дөн ашуун ыры бар.
Улукмырза Полотов жөнүндө жазуучу, акын О. Шакирдин "Булбулдардын устаты" китеби жарык көргөн.
Анын жасаган эмгеги жогору бааланып, ага 1987-жылы "Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти", 1999-жылы "Кыргыз Республикасынын эл артисти" ардактуу наамдары, 2015-жылы III даражадагы "Манас" ордени ыйгарылган.
Өз өмүрүн бүтүндөй маданият жана искусство тармагына арнаган, өзгөчө музыка өнөрүндө өчпөс из калтырган залкар инсан, улуу устат Улукмырза Полотовдун жаркын элеси кыргыз элинин, маданият күйөрмандарынын, замандаштарынын, кесиптештеринин, жакын туугандарынын, үй-бүлөсүнүн эсинде түбөлүккө сакталат.
Маркумдун жакындарына, бир туугандарына, үй-бүлөсүнө жана замандаштарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.