Эл аралык каржы уюмдары быйыл Кыргызстандын экономикалык өсүшү 10 пайызга жетет деп баамдоодо – экономист

Экономика Загрузка... 15 Июль 2025 16:33
WhatsApp Image 2025-07-15 at 16.34.51.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. Акыркы жылдары Кыргызстанда мамлекеттик карыздын көлөмү экономиканын көлөмүнө салыштырганда (ИДП) 36,9 пайызды көрсөтүүдө. Бул көрсөткүч мурдагы жылдарга караганда төмөндөгөнү байкалат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүшкөн талдоолордо айтылат. Маселен, 2020-жылы карыз ИДПнын 67,6 пайызын түзгөн. Ошол эле мезгилде бюджет профицити – башкача айтканда, кирешелер чыгашадан көп болуп жатат. Консолидацияланган бюджет 2024-жылдын жыйынтыгы менен 688,5 млрд сомду түздү, же 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик 3 эсеге өстү. Алдын ала болжол менен жылдын аягына чейин 1 триллиондон ашат деп күтүлүүдө.

Экономист Искендер Шаршеев "Кабар" агенттигине билдиргендей, соңку жылдары эл аралык финансы уюмдарынын баамдоолоруна ылайык, Кыргызстандын экономикасы байкаларлык деңгээлде өсүп жатат. ЕАЭБде 2024-жылы 9 пайыз өсүштү көрсөттү. Бул башка өлкөлөргө салыштырмалуу жогору.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасы өнүгүп жатат деп айтсак жаңылышпайбыз. Дүйнө жүзү боюнча өнүгүп келе жаткан экономикалардын бири деп эсептелет. Байкашыбыз боюнча, ЕАЭБдин ичинде биздин экономикалык өсүш 9 пайыз көрсөткүч менен эң алдыда турат. Эл аралык финансы уюмдарынын баамдоолоруна ылайык, бул көрсөткүч 2025-жылы 10 пайызга жетет деп айтылууда. Жалпысынан алганда өнүгүү Өзбекстан, Казакстанда 5-7 пайызды көрсөтүүдө. Бизде болсо 9 пайыздан ашып жатат. Бул инфляция менен жарышып келе жатат. Инвесторлорго базарыбыз кызыктуу болуп жаткандыктан, рейтинг агенттиктеринин оң баамдоолоруна ээ болуп да жатабыз. Анын аркасы менен инфраструктуралык долбоорлорго инвесторлор акча каражатын салганда, көп үмүттөр биздин экономикага артылып жатат.

Санариптештирүү, салык жыйноо сыяктуу иш-аракеттердин бардыгы ушундай жакшы жыйынтыктарга алып келүүдө. Өткөн жылы 400-420 млн доллар тышкы карыз төлөндү. Бул жылы да ушундай көлөмдө каражат төлөнөт. Үстөк пайызды төлөгөндө бир топ эле каражат сарпталат. Ал эми насыянын негизги көлөмүн төгүүгө андан да көп каражат керектелет. Биздин мамлекет ошолорду жапканга аракет кылып жатат. Эл аралык практикада, тышкы карыз ИДПга салыштыра келгенде 20 пайызын түзүшү керек. Биздин өлкөнүн экономикасы өсүшүн улантса, акырындап 20 пайызга жетишибиз толук ыктымал", - деди ал.