Тоң районунда туристтердин саны беш жылда 14 эсеге көбөйдү

Экономика
Тоң районунда туристтердин саны беш жылда 14 эсеге көбөйдү
copyright icon WWW

Бишкек, 14.11.26. /Кабар/. Тоң районунда туристтердин саны 2021-жылга салыштырмалуу 14 эсеге көбөйүп, 2026-жылы 73 миңден ашты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровго Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында районду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары боюнча маалымат берилген учурда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы районго 5 миң 200 турист келген болсо, 2026-жылы алардын саны 73 миң 18 адамга жеткен.

Учурда райондо 41 туристтик объект курулган. Туризм тармагында 195 туруктуу жумуш орду түзүлүп, сезондук жумуш орундарынын саны 5 миңге жеткен.

Мындан тышкары, туристтик ишмердүүлүктөн түшкөн салыктык төлөмдөр 2026-жылдын тогуз айында 18,1 млн сомду түзгөн.