Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Тоң районунда мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен 29,9 гектар жайыт жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тоң районунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жерлердин 2007-жылы мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткени аныкталган.
Прокурордук чаралардын жыйынтыгында базар баасы 49 млн 200 миң сом деп бааланган 29,9 гектар жер тилкеси толугу менен мамлекеттин карамагына кайтарылды.