Кыргызстанга келген туристтердин саны 1,4 эсеге өстү

Туризм 7 октябрь 2026 12:28
Кыргызстанга келген туристтердин саны 1,4 эсеге өстү

Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешме өткөрдү.

Жыйында минкаб төрагасы 2026-жылдын январь-июнь айларында эс алгандардын саны 2025-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик 1,4 эсеге көбөйүп, 1,9 млн адамды түзгөнүн билдирлди.

"Туризм чөйрөсүндө түзүлгөн дүң кошулган нарк алдын ала баалоо боюнча 34,1 млрд сомду түзүп, 2025-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 26,7%га өстү. Чет элдик туристтерди тартуу, алардын өлкөдө болуу мөөнөтүн узартуу, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, ошондой эле туризм инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча ишти күчөтүү зарыл. Туристтердин коопсуздугун камсыз кылууга, кышкы сезонго даярдык көрүүгө, автомобиль жолдорунун абалына жана Кыргызстандын кышкы туризм потенциалын эл аралык рыноктордо илгерилетүүгө өзгөчө көңүл буруу керек", – деп ал профилдик органдарга тапшырма берди.