Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Быйыл жыл жыйынтыгы менен Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандардын саны 12,5–13 миллионго жетиши күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлкөгө келген чет өлкөлүк жарандардын саны жыл сайын өсүүдө. Алсак, 2021-жылы Кыргызстанга 3 млн 600 миң адам келсе, 2025-жылы бул көрсөткүч 10,5 миллион адамга жеткен.
"Быйыл өлкөнүн эл аралык туристтик имиджин илгерилетүүдө ири спорттук иш-чаралар жана жаңы инфраструктуралык долбоорлор маанилүү роль ойноду. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 2014-жылы 19 өлкө катышса, быйыл катышуучу өлкөлөрдүн саны 109га жетти. Борбор калаадагы 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган көп функционалдуу заманбап "Бишкек Аренанын" ачылышы да маанилүү болду", – деди ал.
Министрлер кабинетинин төрагасы маалымдагандай, 2025-жылы туризм тармагындагы дүң кошумча нарктын көлөмү 74,4 млрд сомду түздү.