Экстремизм жана терроризм: Интернеттеги коркунучтардан кантип сактануу керек

Коом 17 сентябрь 2026 15:55
Экстремизм жана терроризм: Интернеттеги коркунучтардан кантип сактануу керек

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Азыркы заманбап коомдо экстремизм жана терроризм коркунучу интернет жана социалдык тармактар аркылуу да жайылууда. Мындай коркунучтарга каршы күрөшүүдө тыюу салуу менен катар жарандардын медиасабаттуулугун жогорулатуу, жаштарды радикалдуу идеологиянын таасиринен коргоо жана улуттук баалуулуктарга негизделген туура тарбия берүү маанилүү. Бүгүнкү күндө интернет, социалдык тармактар жана маалыматтык технологиялар адамдын жашоосун жеңилдетүү менен бирге, экстремизмдин жана терроризмдин идеологияларын жайылтуу үчүн да колдонулушу мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, экстремисттик жана террористтик топтор жарандарды радикалдуу идеяларга тартууга, коомдо коркунуч жана диний кастыкты жаратууга аракет кылышат.

“Негизги коркунучтардын бири радикалдаштыруу. Айрыкча жаштарды ар кандай маалыматтык таасирлерге дуушар кылат, себеби, радикалдуу идеялар кээде түздөн-түз эмес, видеолордун, мемдердин жана башка көңүл ачуучу материалдардын арасында берилиши мүмкүн. Экинчи коркунуч - жалган маалымат жана пропаганда. Бурмаланган фактылар, кастыкты козуткан билдирүүлөр жана атайын даярдалган видеолор коомдук пикир жаратып, адамдардын ортосунда ишенбөөчүлүктү жана карама-каршылыкты күчөтүшү мүмкүн”,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жасалма интеллект жана дипфейк технологиялары аркылуу реалдуу көрүнгөн жасалма видео, аудио жана сүрөттөрдү түзүү мүмкүнчүлүгү көбөйгөндүгү кызмат тарабынан белгиленди. Мындай материалдар жалган маалыматтарды таратып, коомчулукта дүрбөлөң жаратышы мүмкүн. Ошондуктан маалыматтын булагын жана аныктыгын текшерүү зарыл.

Маалыматтын тез жайылышына шарт түзгөн мессенжерлердеги жабык топтор жана каналдар да мыйзамсыз жана экстремисттик материалдарды таратуу үчүн колдонулушу мүмкүн экендиги кошумчаланган.

Белгилей кетсек, мындай коркунучтарды жоюу жана алдын алуу максатында министрлер кабинетинин 2023-жылдын 15-мартындагы №141 токтому менен 2023-2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасы бекитилген. Ага ылайык, атайын иш-чаралар планы ишке киргизилген. Бул документтер коомдогу радикалдашуунун алдын алуу, диний жана улуттук калыс көз карашты калыптандырууга багытталган.

Аталган стратегиялык документтин эң маанилүү багыттары жана негизги басым жасалган тармактары төмөнкүлөр:

  • Интернет жана социалдык тармактардагы көзөмөл;
  • Аялдар жана балдар сыяктуу аялуу катмарлар менен иштөө жана реабилитация;
  • "Коопсуз шаар" жана биометрикалык анализ;
  • Стратегиялык объекттердин коопсуздугу;
  • Мектептеги коопсуздук жана медиа агартуу.

Адистердин пикиринде, экстремисттик жана террористтик топтор көбүнчө социалдык аялуу катмарды, өзгөчө жаштарды өз катарына тартуу үчүн жалган убадаларды жана манипуляциялык ыкмаларды колдонуп келишет.

ИИМден билдиришкендей, эң негизгиси жарандары коркутуу эмес, коркунучту эрте байкап, туура аракет кылууга үйрөтүү маанилүү.

ИИМ ата-энелерге, жалпы жарандарга балдардын экстремизм жана терроризм багытында коопсуздугун сактоо үчүн төмөнкүдөй сунуштарды берет:

  • Балдардын интернеттеги чөйрөсүнө көңүл буруу: кайсы социалдык тармактарды, мессенжерлерди колдонорун билүү жана алар менен ачык сүйлөшүү;
  • Радикалдуу үгүттүн белгилерин түшүндүрүү: зордук-зомбулукка, жек көрүүгө, мыйзамсыз аракеттерге же үй-бүлөдөн обочолонууга чакырган адамдардан сак болууга үйрөтүү;
  • Шектүү маалыматты таратпоо: анын булагын текшерип, расмий жана ишенимдүү маалыматтар менен салыштыруу;
  • Жеке маалыматтарды коргоо: дарек, телефон, сыр сөз жана башка жеке маалыматтарды бейтааныш адамдарга бербөө;
  • Шектүү байланыш: байланышты токтотуп, аккаунтту бөгөттөп, материалдарды таратпай, зарыл учурда укук коргоо органдарына кайрылуу.
  • Баланын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө көңүл буруу: обочолонуу же жашыруун байланыштар көбөйсө, аны урушпай, себебин түшүнүүгө аракет кылуу.

Белгилей кетсек, негизги алдын алуу ишенимдүү үй-бүлөлүк мамиле, медиасабаттуулук, интернет коопсуздугу жана көйгөй жаралганда өз убагында жардамга кайрылуу.

Терроризм жана радикализм да мезгилдин өзгөрүшүнө жараша жаңы формаларга өтүп турарын саясат таануучу Токтогул Какчекеев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

"Бүгүнкү күндө эң чоң күрөш – маалыматтык согуш. Адамдын аң сезимине, ой-жүгүртүүсүнө таасир этүү аркылуу диний экстремизм жана радикализмдин идеяларын жайылтуу аракеттери болуп жатат. Ошондуктан бизге жаңы идеологияны сырттан издөөнүн кереги жок. Кыргыздын тарыхында, үрп-адатында, каада-салтында, таалим-тарбиясында, дүйнө таанымында элибиздин келечегине ылайык келген баалуулуктар бар. Ошолорду заманбап шартта туура пайдаланып, бала бакчадан баштап жогорку окуу жайга чейин жаш муундун тарбиясына сиңиришибиз керек. Дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттер ракета жасап, жаңы технологияларды иштеп чыгып жаткан учурда биз да илимий-технологиялык жактан өнүгүүгө умтулушубуз керек”, - деди эксперт.

Акыркы учурда социалдык медиа, мессенжерлер жана жашыруун форумдар экстремисттик топтор тарабынан жаштарды жана аялуу жарандарды өз катарына тартуунун, деструктивдүү идеологияларды жайылтуунун башкы куралына айланып жатканы маалым. Буга байланыштуу минкаб кабыл алган программада социалдык тармактарга туруктуу мониторинг жүргүзүү, бөгөттөө механизмдерин чыңдоо жана анонимдүү кылмыштуу аракеттердин алдын алуу башкы милдеттердин бири катары белгиленген.

Учурдагы терроризм коркунучундагы маанилүү өзгөрүү терроризмдин күчү анын масштабдары менен гана эмес, өзгөрүлүп жаткан шарттарга тез ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгү менен да аныкталарын “Кабар” агенттигине коомдук жана саясий ишмер Токон Мамытов билдирди.

"Бүгүнкү күндө террористтик уюмдун ири армияга ээ болушу же олуттуу аймакты көзөмөлдөшү сөзсүз талап кылынбайт. Мындай түзүмдөр бир эле учурда интернет аркылуу бир нече өлкөгө таасир көрсөтүүгө, айрым адамдарды аралыктан радикалдаштырууга жана чакан топторду же айрым адамдарды кол салууларды жасоого пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышат. БУУ да азыркы террористтик коркунучту көп борборлуу жана барган сайын татаалдашып жаткан көрүнүш катары мүнөздөйт.
Ошондуктан Кыргызстан үчүн негизги милдет террористтик көрүнүштөр пайда болгондон кийин гана аларга жооп кайтаруу эмес, биринчи кезекте радикалдашуунун алгачкы белгилерин өз убагында аныктоо жана анын террористтик ишмердикке өтүшүнө жол бербөө. Ушуга байланыштуу жаштар саясатын, билим берүүнү, интернеттеги коопсуздукту, диний сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатууну, мамлекеттик чек аралардын коопсуздугун камсыз кылууну, терроризмди каржылоого каршы күрөштү, ошондой эле реабилитациялоо жана кайра коомго интеграциялоо механизмдерин өз ара байланышта кароо зарыл”,- деди Мамытов.

Ал эми бул багытта ИИМдин тиешелүү кызматы тарабынан бир катар иштер аткарылып жатканын “Кабар” агенттигине маалымдалган.

Атап айтсак, акыркы учурда орун алып жаткан террордук актылар тууралуу жалган маалыматтардын жайылышын жана терроризмдин алдын алуу максатында видеоролик даярдалып, коомчулукка таратылган. Ошондой эле ИИМдин кызматкерлери үчүн экстремизмдин алдын алуу багытында “Экстремизм деген эмне?”, “Экстремизмге үгүттөө кантип башталат?”, “Экстремисттик уюмдарга үгүттөө жолдору” темаларында видеороликтер даярдалып, тиешелүү аймактык ички иштер органдарына кызматтык колдонуу үчүн жөнөтүлүп жатат.

Жыйынтыктап айтканда, экстремизм жана терроризмдин алдын алууда маалыматтык коопсуздук, медиасабаттуулук жана коомдун сергектиги маанилүү роль ойнойт. Кооптуу идеологиялардын жайылышына жол бербөө үчүн мамлекеттик органдар, билим берүү мекемелери, ата-энелер жана жалпы коомчулук биргелешип иш алып баруусу зарыл.