Beeline — маалыматтык коопсуздук боюнча эң алдыңкы оператор

Бизнес Загрузка... 09 Июль 2026 15:01
2560х1440.jpg
copyright icon Beeline пресс-кызматы

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Beeline Кыргызстан улуттук мобилдик оператору өлкөбүздөгү ISO/IEC 27001 эл аралык маалыматтык коопсуздук стандарты боюнча сертификатталган биринчи жана жалгыз телеком-оператордун эксклюзивдүү статусун ырастады. Компания алдыңкы эл аралык сертификациялоо органдарынын бири болгон BSI France уюмунун аудитинен ийгиликтүү өттү.

Алынган ISO/IEC 27001:2022 сертификаты — Beeline маалыматтык коопсуздук системасынын дүйнөдөгү эң актуалдуу талаптарга шайкеш экендигин тастыктайт. Бул стандарт санариптик экосистеманы коргоонун толук циклин камтыйт: маалыматтарга кирүү көзөмөлүн камсыз кылуудан баштап, татаалдыктын ар кандай деңгээлиндеги окуяларга ыкчам жооп кайтарууга чейинки процесстерди жөнгө салат.

ISO/IEC 27001 стандартына шайкештик киберкоопсуздук жаатындагы Beeline Кыргызстандын позициясын арттырат жана компанияны рыноктогу технологиялык өнөктөштөрдөн айырмалап турат. Бул заманбап коомдо чоң артыкчылык берет, анткени көптөгөн маанилүү процесстер санариптик мейкиндикке өтүп, киберкоркунучтар барган сайын татаалдашып, түрлөрү да көбөйүүдө.

«Кыргызстандын телекоммуникация тармагындагы ISO/IEC 27001 сертификатынын жалгыз ээси катары, Beeline дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларга жана стандарттарга шайкештигин тастыктоону улантууда», — деп белгиледи Beeline компаниясынын башкы директору Кубаныч Шатемиров.

Аудиттин ийгиликтүү өтүшү Beeline үчүн ири көлөмдөгү маалыматтар менен иштеген жана өлкөнүн санариптик инфраструктурасынын туруктуулугуна салым кошкон мамлекеттик телеком-оператор катары ишенимдин маанилүү көрсөткүчү. Бүгүнкү күндө маалыматтык коопсуздук бизнес, мамлекет жана ар бир кардар үчүн негизги талаптардын бири болуп саналат. Ошондуктан биз маалыматтарды коргоого инвестиция салып, ички процесстерди жакшыртып жатабыз. Ошондой эле киберкоопсуздук кызматтарын иштеп чыгуу менен санариптик экосистемаларды коргоо үчүн ишенимдүү чечимдерди сунуштайбыз.

ISO/IEC 27001 сертификаты менен тастыкталган экспертизанын негизинде, Beeline компаниясында SkySOC маалыматтык коопсуздук киберкоркунучтарын көзөмөлдөө, жооп берүү жана аларга каршы турууга мониторинг жүргүзүү борбору иштейт. Бул борбор кардарлардын кеңири спектри үчүн сапаттуу киберкоопсуздук кызматтарын көрсөтөт. Мындай кызмат өзгөчө финансы секторунда жана купуя маалыматтар менен иштеген компаниялар үчүн абдан маанилүү. Анткени коркунучтардан коргонуу гана эмес, финансылык жоготуулардын жана кадыр-баркка доо кетүү тобокелдиктеринин алдын алып, өз убагында тез арада жооп берүү зарыл.

Beeline компаниясынын SkySOC борбору кардарларга кесипкөй мониторинг жүргүзүү, коркунучтарды алдын алуу жана кибер чабуулдардан коргонуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул учурда компанияларга өзүнүн жеке инфраструктурасын түзүүнүн кажети жок: маалыматтык коопсуздукту Beeline компаниясынын тажрыйбалуу адистер тобуна тапшыруу жетиштүү. SkySOC мүмкүнчүлүктөрү жана кызматтары менен компаниянын расмий сайтынан таанышууга болот.

Beeline коопсуздукка, маалыматтарды коргоого жана эл аралык стандарттарга жооп берүүгө өзгөчө көңүл буруп, ыңгайлуу санариптик чечимдерди иштеп чыгууну улантат.

Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

КР МТжБМКсына караштуу МБАнын №15-1420-КР, №16-1526-КР уруксаттамалары, КР СӨМүнө караштуу МБАнын №21-0482-КР уруксаттамасы.