Экспорттук сертификаттарды мыйзамсыз берген фирмалар жабылууда

Экономика Загрузка... 02 Март 2026 16:25
764782.407b391497ca.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 02.03.26 /Кабар/. Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев товарларды экспорттоого шайкештик жана келип чыгуу сертификаттарын туура эмес берген лабораториялардын жоопкерчилиги каралып жаткандыгына кызыкты.

Ал белгилегендей, Россия менен чектешкен аймактарда ишкерлер сертификаттарга байланыштуу көйгөйлөргө туш болуп, чоң чыгымдарга учурап жатышат.

Экономика министринин орун басары Султан Ахматов бул жагдай сертификаттарды бир сааттын ичинде даярдап берүүнү убада кылган жалган фирмалардын ишинен улам келип чыгып жатканын билдирди.

"Бүгүнкү күндө мындай фирмаларды жаап жатабыз. Биз санариптештирүүнү ишке ашырдык, анда бардык этаптар — ким тарабынан жүргүзүлгөнү, чийки зат кайдан алынганы, сыноо протоколу жана башка маалыматтар так көрсөтүлгөн", — деди ал.

Депутат мындай фирмаларды жабуу менен гана чектелбестен, аларды жоопкерчиликке тартуу керектигин белгиледи.

Анын айтымында, бул жагдай өлкөнүн аброюна терс таасирин тийгизүүдө.