Экспортту колдоо үчүн лабораториялык инфраструктура өнүктүрүлөт – Сейитов

Экономика Загрузка... 10 Февраль 2026 12:20
12.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясында 2025-жылдагы иштин жыйынтыктары жана 2026-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер каралды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди.

Анын айтымында, экспортту колдоо үчүн лабораториялык инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду, анткени экспорттолуучу бардык продукция сертификациядан жана стандартташтыруудан өтүшү керек. Бул багытта материалдык-техникалык базаны чыңдоо пландалууда.

Мындан тышкары, коллегияда министрликтин төрт негизги стратегиялык багыты боюнча ишти улантуу, чакан жана орто бизнести колдоо чаралары, ошондой эле финансы рыногун өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Өзүнчө блоктор менен креативдүү индустрия маселелери, Жогорку технологиялар паркынын алдыдагы мезгилге пландары жана алардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралды. Ошондой эле кошумча кошумча нарктын булагы катары туризмди жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө көңүл бурулду.

Чоро Сейитов белгилегендей, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча соодада бир аз төмөндөө катталган. Аны жеңүү үчүн 2026-жылы бир катар чаралар каралган, анын ичинде:

  • экспортту стимулдаштыруу;
  • чакан жана орто бизнестин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү;
  • лабораториялык инфраструктураны модернизациялоо;
  • IT-секторду жана креативдүү индустрияларды колдоо;
  • туристтик кластерлерди өнүктүрүү жана инвестиция тартуу.