"Экспо демилге": Мыкты демилгелерге сынак жарыяланды

Коом Загрузка... 22 Апрель 2026 12:35
WhatsApp Image 2026-04-22 at 09.35.41.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. "Экспо демилге" долбоорунун республикалык кароо-сынагы башталды. Бул тууралуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору Шумкарбек Адилбек уулу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, сынакта өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган ар кыл тармактарды камтыган эң мыкты демилгелер тандалып алынат.

Аларда мамлекеттик түзүлүш, адамдык ресурстар, экономика, технология, инновация, улуттук иденттүүлүк жана маданий баалуулуктар багыттары камтылышы керек.

“Сынакка катышуу боюнча чектөө жок, бардык кыргызстандыктар катыша алат. Мында мамлекеттик органдар да өз демилгесин сунуштаса болот. Демилгелер боюнча өтүнмөлөр бүгүндөн баштап 1-октябрга чейин кабыл алынат. Демилгелерде долбоорлор так жана түшүнүктүү белгилениши керек. Мисалы, бир айылга жол салуу керек дегендей сунуштар жарабайт. Мындай маселелер менен мамлекеттик органдар иш алып барат. Ошондуктан сынакка өлкөнүн кайсы гана тармагы болбосун, жаратмандык идеяларды камтыган демилгелер кабыл алынат”, - деди ал.

Сынакка келип түшкөн демилгелердин 60ы эксперттик топ тарабынан тандалып алынат.

“Алардын ичинен үч демилгеге баалуу сыйлыктар берилет. Эксперттик топтун тандоосунан өткөн демилгелерди ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын катышуусунда жыйын өткөрүлөт”, - деп белгиледи Адилбек уулу.

Маалымат жыйынында белгиленгендей, Стратегиялык демилгелер улуттук институту тарабынан “Экспо демилге” долбоорунун алкагында сынакты жыл сайын өткөрүү пландалууда.