Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Энергетика тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбеков “Кабар” маалымат агенттигине жылытуу мезгилинин соңунда Кыргызстандын стратегиялык суу сактагычындагы абал тууралуу айтып берди. Адис жылытуу мезгили олуттуу мүчүлүштүктөрсүз өткөнүн белгиледи. Ошону менен бирге ал Токтогул суу сактагычындагы суунун төмөнкү чегинде калбай, энергосистеманын бекемдигин камсыздаган запасты жогорулатуу керектигине басым жасады.

“1-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 6,8 млрд куб метрди түзөт. Бул аябай жакшы көрсөткүч эмес, бирок мындан да жаман учурлар болгон. Кандай болгон күндө да критикалык деңгээлге чейин белгилүү бир запас бар. Бул маалыматтарга таянып, жылытуу мезгили олуттуу көйгөйлөрсүз өттү деп айтууга болот.
Азыр жаан-чачын көп болуп, алдыдагы март айы да жаанчыл болот деп күтүлүүдө. Чүй өрөөнүнүн тоолорунда кар аз болгондуктан айрым кооптонуулар бар болчу. Бирок, Нарын облусунда кышкысын кар жетиштүү болду. Дал ошол жерде Токтогул суу сактагычын толтурган негизги суу артериясы Нарын (Сырдарыя) дарыясы куралат.
Учурда суунун орточо көп жылдык агымы нормада деп айта алабыз. Демек, суу сактагычтын толушу менен көйгөйлөр жаралышы мүмкүн эмес. Бирок адис катары менде белгилүү бир кооптонуулар жана суроолор бар. Токтогул ГЭСинин паспорту боюнча жылытуу мезгили аяктаганда андагы суунун көлөмү 12 млрд кубду түзүшү керек. Ал эми күз-кыш мезгилинин башталышында ГЭСтеги суунун көлөмү 16 млрд кубга чейин толуп турушу шарт.
Бул регламенттерден четтебеген жакшы, бирок көп жылдар бою Токтогул ГЭСиндеги сууну дээрлик эң төмөнкү көлөмгө чейин иштеткендиктен, азыр суунун агымы канчалык жогору болбосун, аны толтурууда мезгил-мезгили менен кыйынчылыктар жаралууда.
Бул запаска ээ болуу эмне үчүн маанилүү? Жөнөкөй эле себеби, кургакчыл жылдар болушу мүмкүн, алардын цикли азыр тез-тезден кайталанууда. Стратегиялык суу сактагычта резерв болсо, биз суу аз болгон мезгилде да ГЭСти активдүү режимде иштете алабыз. Учурда бизде мындай мүмкүнчүлүк жок, ошондуктан электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн кошумча базалык кубаттуулуктарды ишке киргизип, үнөмдөөгө мажбурбуз”, - деди Карыбеков.