Эксперт: Борбор Азияда коңшулук мамилелердин жаңы модели калыптанууда

Саясат Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 19:00
759320460_1694364988490855_7360333617721687413_n.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов "Кабар" агенттигине берген комментарийинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын маанисине баа берди. Эксперт эки өлкөнүн өнөктөштүгүнүн негизги багыттарына токтолуп, мамлекет башчылары Борбор Азияда жакшы коңшулук мамилелердин жаңы моделин түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи.

"Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу мамилелердеги маанилүү этап болуп калды. Бул окуянын башкы мааниси – жогорку деңгээлдеги жолугушуу Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгы тактикалык деңгээлден стратегиялык өнөктөштүккө өтүп жатканын дагы бир жолу ырастагандыгында", - деди ал.
2022-06-20_11-02-51_413116

Ошондой эле саясат таануучу сапардын негизги артыкчылыктуу багыттары бир нече тармакты камтыганын белгиледи. Анын ичинен транспорт жана логистика, энергетика, экономика жана гуманитардык кызматташтык өзгөчө мааниге ээ. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун биргелешип пайдалануу боюнча долбоорлордун ишке кириши Евразия континентинин түндүк, түштүк, батыш жана чыгыш багыттары боюнча жаңы транзиттик коридорлорду ачат.

"Кийинки маанилүү багыт – Борбор Азиядагы бардык мамлекеттердин энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип пайдалануу жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча жетишилген макулдашуулар. Экономикалык тармакта өнөр жай кооперациясын чыңдоо, соода жүгүртүүнү кеңейтүү жана биргелешкен инвестициялык фонддордун ишин активдештирүү маселелери каралды.
Албетте, гуманитардык багыт да маанилүү орунда турат. Эки боордош жана коңшу эл маданий байланыштарды, билим берүү жана илим тармагындагы кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө умтулат. Ошентип, президент Мирзиёевдин мамлекеттик сапары эки өлкөнүн жакындашуусунун жана эмгек менен кызмат көрсөтүүлөрдүн "жалпы рыногун" түзүү багытынын бекемделгенин көрсөттү. Бул узак мөөнөттүү келечекте Борбор Азиядагы жакшы коңшулук мамилелердин жаңы моделинин калыптанышына өбөлгө түзөт", – деп жыйынтыктады Шерадил Бактыгулов.