Экономика министрлиги менен КМТУ кызматташуу жөнүндө макулдашты

Экономика 27 Январь 2025 09:00
474660842_18044358692343965_3271286739652211569_n.jpg
473888901_18044358608343965_3079701504567957425_n.jpg
474641301_18044358701343965_2720551459680476889_n.jpg
474663876_18044358626343965_967242617506479253_n.jpg
474799934_18044358719343965_2526199333212276022_n.jpg
474846107_18044358674343965_3685811477059806965_n.jpg
474851442_18044358638343965_3249753316693185283_n.jpg
474908581_18044358629343965_2113897723864103885_n.jpg
474978425_18044358716343965_2803488153390116486_n.jpg
474999854_18044358656343965_2392353910503027185_n.jpg
475000325_18044358689343965_1698260068064895091_n.jpg
475073816_18044358665343965_5201708425043644764_n.jpg
475093154_18044358647343965_5749132308543725862_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун алкагында Чоро Сейитов менен Мирлан Чыныбаев Экономика министрлиги менен И. Раззаков атындагы КМТУ ортосунда 5 жылдык кызматташуу жана өз ара иштөө боюнча меморандумга кол коюшту.

Белгилей кетсек, меморандум биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, илимий пикирлер менен алмашууга, министрликтен жөнөтүлүүчү адистердин квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле Экономика министрлигинин кызматкерлери үчүн обзордук лекцияларды уюштурууга өбөлгө түзөт.

Университетке болгон сапардын алкагында министрдин биринчи орун басарына студенттердин техникалык илимдер боюнча кесиптик даярдыгы тууралуу презентация сунушталып, университеттин окуу корпустары жана лабораториялары боюнча экскурсия уюштурулду.