Экономика министрлиги 166 пункту камтыган өнүктүрүү планын сунуштады

Экономика Загрузка... 10 Февраль 2026 13:00
1.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын максаттарына жетүүнүн негизги куралдарынын бири — министрлер кабинетинин 2026-жылга карата иш-чаралар планын ишке ашыруу болуп саналат.

Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдиргендей, пландын алкагында 670 иш-чара каралган. Анын ичинен Экономика министрлигине 166 пункт тапшырылган: 86 иш-чара боюнча министрлик негизги аткаруучу, ал эми 78и боюнча биргелешкен аткаруучу болуп саналат.

Планды ишке ашыруу үчүн министрлик индустриалдаштыруу чөйрөсүндө төмөнкү багыттар боюнча иш алып барууда:

  • Индустриалдык-технологиялык өнүктүрүү фондун түзүү жана анын каржылоо булактарын аныктоо; Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү (кызматкерлерди окутууга кеткен чыгымдар үчүн жеңилдиктер); 2030-жылга чейинки Өнөр жайды өнүктүрүү стратегиясын жана "Өнөр жай саясаты жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгуу.
  • Жаңы технологияларды жана өнүмдөрдү сыноо үчүн атайын жөнгө салуучу режимди киргизүү; Чүй облусунун Сокулук районунда электромобиль чыгаруучу заводду куруу жана аларды сертификациялоо.
  • Эмерек, фармацевтика, зергерчилик жана тамак-аш өнөр жайы үчүн атайын укуктук, салыктык жана бажылык режимдерди түзүү.
  • Өнөр жай кластерлеринин ишканалары үчүн "Өнөр жай ипотекасы" сыяктуу жаңы финансы-кредиттик өнүмдөрдү жана компенсациялык механизмдерди иштеп чыгуу.
  • ЕАЭБ, ЕБ, Кытай жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө экспорттолуучу продукцияны сертификациялоо үчүн лабораториялык инфраструктураны калыптандыруу; улуттук эталондук лабораторияларды эл аралык (анын ичинде Германиянын DAkkS) аккредитациясынан өткөрүү.
  • Стартап-долбоорлордун операциялык чыгымдарын биргелешип каржылоо аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү.

Эскерте кетсек, бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин катышуусунда өтүүдө.