Экономика министри "Кыргызстандарттын" ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 293 29 Май 2026 12:10
IMG_3171.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_1791.JPG.jpeg
IMG_1800.JPG.jpeg
IMG_3155.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_3162.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_3166.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_3167.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков "Ачык кабинет:жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында журналисттер менен бирге жөө басып, Стандартташтыруу жана метрология борборунун ("Кыргызстандарт") имаратына барды.

Анын жүрүшүндө министр мекеменин ишмердүүлүгү, негизги иш багыттары жана учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышты.

Журналисттерге тамак-аш жана айыл чарба продукцияларын сыноочу лабораториянын иши көрсөтүлдү. Бул жерде товарлардын сапатын изилдөө жана белгиленген стандарттарга ылайыктуулугун текшерүү иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, "Ачык кабинет:жоопкерчилик аймагы" медиадолбоору мамлекеттик органдардын ачыктыгын жогорулатууга багытталган жана журналисттерге жетекчилердин, ошондой эле ведомстволук мекемелердин иш процессине реалдуу убакыт режиминде байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.