Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана жаратылышты коргоо кызматтарына жаңы унааларды тапшырды.
Салтанаттуу иш-чаранын алкагында экологиялык кызматтарга 15 кызматтарга унаа өткөрүлүп берилди.
Унаалар төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлдү:
- Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына - 7;
- Бишкек шаарына - 1;
- Чүй облусуна -1;
- Нарын облусуна - 1;
- Талас облусуна - 1;
- Ош облусуна - 1;
- Ысык-Көл облусуна - 1;
- Жалал-Абад облусуна - 1;
- "Сарычат-Ээрташ" мамлекеттик жаратылыш коругуна - 1.