Экологиялык кооптуулук: Чүйдөгү таштанды полигондорунун абалы талкууланды

Коом Загрузка... 31 Март 2026 13:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлжан Сатиева, Бакыт Чомоев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү таштанды полигондорунун абалы менен таанышты.

Жаратылыш министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда полигондордогу өрт, анын айлана-чөйрөгө жана калкка тийгизген таасири талкууланды. Жергиликтүү тургундар көйгөйлөрүн айтып, ыкчам чара көрүүнү суранышты.

Жыйынтыгында өрттү өз убагында өчүрүү, көзөмөлдү күчөтүү жана таштандыларды башкарууну жакшыртуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.