Экология тармагында бирдиктүү санариптик экосистема түзүлүүдө

Коом Загрузка... 05 Июнь 2026 14:40
DSC00178.JPG

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Экология тармагында бирдиктүү санариптик экосистема түзүлүүдө.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен "Түндүк" ААК тармакты санариптештирүүгө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана жаратылыш ресурстарын башкаруу процесстеринде ачык-айкындуулукту камсыз кылууга багытталган автоматташтырылган маалымат системаларын иштеп чыгуу боюнча келишимдерге кол коюшту.

Иш-чара бүгүн, 5-июнда - Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата уюштурулган иш-чаранын алкагында орун алды.

Бул кызматташтыктын алкагында төмөнкү маалымат системалары иштелип чыгат:

  • "Мергенчи" автоматташтырылган маалымат системасы;
  • "Жашыл Мурас" автоматташтырылган маалымат системасы;
  • "Жер казынасын пайдаланууга лицензияны сактоо үчүн төлөм" автоматташтырылган маалымат системасы.

Бул автоматташтырылган маалымат системалары заманбап санариптик чечимдерди ишке ашырууга жана министрлик үчүн бирдиктүү санариптик экосистеманы түзүүгө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга багытталган.