Бишкек, 13.04.26. /Кабар/. 2024-жылы өлкөнүн суу объекттерине 28 миллиондон ашык балык чабагы коё берилген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык комитетинин жыйынында Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Нуразамат Акпаралы уулу билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы бул көрсөткүч өсүп, сууларга 29 миллиондон ашык балык чабагы коё берилген.
“Балыктарды көбөйтүү иштери бир катар ири суу объекттеринде жүргүзүлдү. Алардын катарына Ысык-Көл, Соң-Көл, Орто-Токой жана Токтогул суу сактагычтары, ошондой эле Күрпсай, Таш-Көмүр жана башка суу сактагычтар кирет”, - деп кошумчалады ал.