Эки жылда Россиядан 39 бала мекенине кайтарылды

Коом Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 17:00
WhatsApp Image 2026-07-31 at 16.44.45.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. 2024-25-жылдары Россиядан 39 бала мекенине кайтарылды. Бул тууралуу "Ынтымак Ордодо" өткөн улуттук кеңештин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы билдирди.

Орун басар анда мыйзамдуу өкүлдөрүнүн камкордугусуз калган балдарды мекенине кайтаруу жана аларды колдоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, алардын айрымдары биологиялык ата-энелерине берилсе, айрымдары асыроого берилген.

“2024-жылы Россиядан 21 бала Кыргызстанга кайтарылып, алардын 16сы биологиялык ата-энесине өткөрүлүп берилсе, 5 бала асыроого жайгаштырылган. Ал эми 2025-жылы дагы 18 бала мекенине кайтарылып, алардын 14ү биологиялык ата-энесине, төртөө асыроого берилген.
Кайтарылган балдардын бардыгы социалдык жана психологиялык реабилитациядан өткөрүлүп, тиешелүү маалымат базасына катталат. Бул иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик бюджеттен жыл сайын 2 миллион сом бөлүнүп келет”,-деди ал.