Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Тогонун тышкы иштер, кызматташтык, африкалык интеграция жана чет өлкөдөгү тоголездор иштери боюнча министринин орун басары Яколей Кокоу Жонсон менен телефон аркылуу сүйлөштү.
ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу боюнча пландарды талкуулашты.