Камбар-Ата-2 ГЭСинин кубаттуулугу эки эсеге жогорулайт

Экономика 918 22 Апрель 2026 11:10
677755817_949381757686800_2670395146313263627_n.jpg
675897765_949381654353477_3388477463919816483_n.jpg
678302969_949381641020145_2586369243620998182_n.jpg
678340453_949381677686808_9213540816177138376_n.jpg
678558464_949381577686818_1618174456469863323_n.jpg
679453441_949381584353484_1233785371341310650_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги №2 гидроагрегатты ишке киргизүү боюнча иштер активдүү уланууда.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, аталган долбоор электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого багытталган. Электр станциясынын учурдагы орнотулган кубаттуулугу 120 МВтты түзөт. Ал эми №2 гидроагрегатты ишке киргизгенден кийин станциянын жалпы кубаттуулугу 120 МВттан 240 МВтка чейин көбөйөт.

Долбоордогу графикке ылайык, №2 гидроагрегатты эксплуатацияга берүү 2029-жылдын башына пландаштырылууда.

"№2 гидроагрегатты ишке киргизүү генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүүгө, энергосистеманын туруктуулугун, айрыкча эң жогорку жүктөмдөр учурунда жогорулатууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.