Чүйдө эки баласын өлтүргөн аялдын дагы 3 баласы бар - Эмгек министрлиги

Коом Загрузка... 15 Сентябрь 2025 12:55
f0438d5e2067e4e9ff7.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Чүй облусунда апасы эки баласын өлтүргөн үй-бүлө буга чейин оор жашоо кырдаалында тургандардын катарына каттоого алынбаганын билдирди.

Эскерте кетсек, 12-сентябрда Чүй районунун Ак-Бешим-2 айылында трагедиялуу окуя катталып, эне эки баласынын өлүмүнө шектүү катары кармалган.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул үй-бүлөдө дагы үч бала бар. Учурда алар атасы менен чогуу. Балдарды багууга жана тарбиялоого атасынын эжеси каралашууда.

Министрликтин райондук башкармалыгынын кызматкерлери тергөө органдары менен биргеликте дароо окуя болгон жерге чыгып, балдардын коопсуздугун камсыздап, зарыл камкордук чараларын көрүштү.