Чүйдө өз балдарын өлтүрүүгө шектелип апасы кармалды

Кырсык Загрузка... 13 Сентябрь 2025 11:55
547820399_821083777244523_273038644793768849_n.jpg
copyright icon Чүй облустук милициясы

Бишкек, 13.09.25. /Кабар/. Чүйдө өз балдарын өлтүрүүгө шектелип апасы кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Белгиленгендей, күн мурун, 12-сентябрда болжол менен саат 19:28де Чүй райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Чүй районундагы айылдардын бириндеги үйлөрдүн биринен эки баланын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул факт катталып, териштирүү иштери башталды. Окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлүп, үйдүн ичинен бычак жараттары менен 2013-жылы туулган Д.Э. (кыз) жана 2023-жылы туулган Ш.М.нын (уул) сөөгү табылганы аныкталды.

Иш боюнча керектүү соттук экспертизалар дайындалды. КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, балдардын апасы М.М. кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.